Чолпон Жакупова: Мен Байсалов чимкиригин агызып ыйлактап келгенде аны колдочу элем

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси Жакупова жазды деген трайбалисттик билдирүү чындыкка коошпойт экенин, ал фейк-коллаж колдонгонун ЖКнын экс-депутаты айтып чыкты Укук коргоочу, «Адилет» укук коргоо клиникасынын башчысы, ЖКнын экс-депутаты Чолпон Жакупова Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси соцтармакта ал жазбаган билдирүүлөр менен колллаж колдонгонун  билдирди. Байсалов аны трайбализмге айыптап чыккан билдирүүсү боюнча Жакупова ушундай жооп кайтарды.
— Эдил Байсалов бети жоктук менен мага тиешеси жок билдирүүлөр менен коллаж жасаган, — деди Жакупова. — Бул фейк. Кандай максатта мындай кылды айта албайм. Мен бардык адамдарга бирдей мамиле кылам. Жарандарды эч кандай бир белгиси боюнча бөлбөйм. Байсалов менен жакын дос болчубуз деп айтпайм. Бирок, ал оор абалдарда чимкиригин агызып мага келгенде колдочу элем. Кыргызстанда абдан көп акча айланат. Аларга колу жетип калгандардын бардыгы эле муну көтөрө албайт. Ал деле мүмкүн ушундай болду.
Тактай кетсек, кечээ КРнын Улуу Британиядагы жана Түндүк Ирландиядагы элчиси Эдил Байсалов Чолпон Жакупованы коомду түндүктүктөр жана түштүктүктөр деп экиге бөлүп жатканын жазган. Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык тармагындагы өз баракчасына жарыялаган.
«Лондондо таң атып жатат! Кутман күн, элим, амансыңбы! Көп саясий маселеге кийлигише албайм. Бирок, элди экиге бөлгөн журт бузарларды көрүп, унчукпай коюу да туура эмес. Баарын жеңсек болот — жакырчылык, уурулук, билимсиздикти. Бирок, бир бололу! Анан адалсынган акыл үйрөткөндөр өздөрү элибизге эң чоң зыян, залака келтирип жатышканын түшүнсө жакшы болот эле. Мени блоктоп салыптыр эжеке. Элге асылбасын, айтып койгула элчинин саламын», — деп жазган Эдил Байсалов-деп Вести.кж сайты жазып чыккан.

Аргумент.kg