Чет элдик күйөө бала кайненесин сабап өлтүрүүгө аракет кылган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Балдарым алып кетем деген шылтоо менен чет элдик күйөө бала кайненесин сабап салган. Бул тууралуу 2021-жылдын 16-декабрында Бишкектин Октябрь райондук сотунун өкүмү чыгарылды.
Чечимде көк муштум айыпталуучу араб улутундагы жаран болгон. Ал Бишкек шаарында жашап келген. Окуя болгон күнү ал таңкы саат  төрттө мурунку жубайынын үйүнө келип, кайненесин сабап койгон.
Жабырлануучунун айтымында, ошол күнү бөлмөгө кызы коркуп чуркап кирип, күйөө баласы мас абалында келип аларды өлтүрө турганын айтып жатканын билдирген. Тез арада кызын жээндери менен кошунанын үйунө качырган. Көп өтпөй мас күйөө баласы менен кайнене бет келишип, аялы менен балдарын сураганда алар үйдө эмес экенин, курбусунукуна кеткенин айткан. Муну уккан чет элдик күйөө бала кайненесине кызына телефон чалып, эки мүнөттө үйгө кайтпаса өлтүрө турганын айтып коркута баштаган.

Мас күйөө баладан корккон кайнене сыртка качып чыгып, милицияга билдирген. Ал үйгө киргенде күйөө баласы ага кол салып ур-токмокко ала баштаган. Бул учурда милиция кайненин телефонуна чалган, бирок жабырлануучу алган эмес. Көп өтпөй кайра чалып жаңылып чакырып алганын билдирген.
Чет элдик күйөө бала кайненесин ашканага сүйрөп кирип, стол үстунөн бычак издей баштаган. Күйөөсүнун жиндилигин билгенби айтор ага чейин аялы бычактарды катып кеткен. Бычак таппаганына жиндеген күйөө бала кайненесин кйиминен алып көчөгө сүйрөп чыккан. Жабырлануучунун кийими чечилип кетип, жарым жылаңач калган.

Дарбазадан кайра үйгө сүйрөп кирип, колун жууганы барганда жабырлануучу терезеден качып чыккан. Качып бара жаткан кайненесин кууп жетип таш менен башка уруп сабай баштаганда кызы чакырган милиция кызматкери арачалап чет элдик күйөө баланы кармап кетишкен.
Жабырлануучу соттон чет элдик күйөө баласынан 20 миң сом материалдык чыгым жана 80 миң сом моралдык зыян өндүрүп берүүнү жана Хусейнге мыйзам чегинде жаза берүүнү суранган.

Ал эми күйөө бала болсо күнөөсүн мойнуна алып, окуя болгон күнү классташтары менен түнку клубка барып ичишкен. Ал жерде аялынын мурунку тааныштарына кабылып алар менен да мушташып, жини менен мурунку аялына келген.

Оюнда ал аялынан балдарын алып кетмекчи болгон. Келе жатып балдарын алып кете турганын аялына телефон чалып айткан. Бирок аялы жашаган үйдүн дарбазасы жабык болуп ал ашып түшүүгө туура келген. Аялы менен балдары үйдө жок болуп чыгып, кайненеси менен уруша кеткен. Кайненесин жини менен башка чапкан аял кызын чакырып келем деп сыртка чыгып кетип кирбей койгон. Жиндеген күйөө бала кайненесин үйгө сүрөп киргенде кийими чечилип кетип, жарым жылаңач калган.

Сот жаранды Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») менен анын аракетинде кылмыштын курамы жок деп актап, бирок Кылмыш-жаза кодексинин 139-беренеси («Ден соолукка анча оор эмес зыян келтирүү») боюнча күнөөлүү деп тапты. Кыргыз Республикасынын Кодекси.

Чет элдик күйөө бала бир жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды.

Аргумент.kg