Чет элдик жаран рак оорусун айыктырам деп 5500 доллар алып качып кеткен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Чет элдик жаран рак менен ооруп келген баланы «айыктырып берем»- деп , 5500 доллар апасынан алып, качып кеткен. Бул туурасында Чүй облустук ИИББдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык,арызданган адам чет элдик жаран берилген суммадан тышкары кошумча акча талап кылганын айткан .Ал эми милициянын иликтөөсүнө ылайык, аталган чет элдик жарандын эч кандай медициналык билими жок болгону аныкталган.Ал баланы мөөнөтү өтүп кеткен даары менен даарылап жүргөн.

Аталган фактыны Аламүдүн райондук милициясы каттаган. Кылмыш-жаза кодексинин 209 («Алдамчылык») жана 152-беренеси ( «Мыйзамсыз дарылоо иши») менен иш козголуп, Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Милициядан учурда тергөө иштери уланып жаткандыгын айтышты. Тартип сакчылар бул С.У.Р. аттуу кишинин кайырмагына илинген башка адамдардын болушу ыктымалдыгын божомолдоп, эгер андай учурлар кездешсе Аламүдүн раймилициясына 0312 36-35-27, 0312 36-35-23 телефондоруна кайрылууну суранышты. Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg