
Чет элдик студенттерди мыйзамсыз кабыл алган жетекчи кармалды.
17-жалган куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваНарын мамлекеттик университетинде чет элдик студенттерди мыйзамсыз кабыл алуу фактылары катталды.Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.
Маалыматка ылайык,университеттин жетекчилиги кызмат абалынан пайдаланып,2021-жылы 679 студент кабыл алган.УКМК дан билдиришкендей студенттер экзамен тапшырган эмес.Аларды кабыл алуу эски буйруктун негизинде болгон.
Мыйзам бузуулар УКМК тарабынан демилгеленген Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясынын корутундусу менен тастыкталды.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жыйынтыгында Нарын мамлекеттик университетинин Э.Б., Н.Ч., К.Г. жана А.Э. аттуу жооптуу кызматкерлерине КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү, 346-беренесинин 1-бөлүгү жана 348-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн айып тагылды.
Булак Аргумент кж