Чет элдик аялды зордуктоого шектелген Чыңгыз Мамаевдин иши сотто каралат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Германиянын жаранын зордуктоого шектелип жаткан актёр Чыңгыз Мамаевдин иши Жогорку Сотто бүгүн, 28-мартта каралат. Бул тууралуу Жогорку Соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, сот жабык эшик артында өтөт.

Эскерте кетсек, Мамаев 2022-жылы апрель айында зордуктоого шек саналып кармалган. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси («Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети») менен иш козголгон.

Ушул жылдын 11-январда актёр Чыңгыз Мамаев үй камагына чыгарылган.

Аргумент.kg