Чалым экөөбүздү бириктирген келиниме ыраазымын

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Абышкам экөөбүздүн төрт балабыз бар. Бирөөсү тогуз жыл мурун каза болуп калды. Себебин айтпай эле коюн. Карылыктын бир жакшы жери бар экен, каалабасаң дагы айрым нерселерди унутуп калат экенсиң. Уулумдун өлүмүн дагы акыркы күндөрү унута баштаганыма сүйүнөм.
Мен азыр кичүү келинимдин колундамын. Ушул келинимдин төрүндө жүрүп өлсөм арманым жок. Кыздарымдан көрбөгөн сыйды ушул кара-тору келинимден көрүп отурам. Ылайым, бактылуу болсун, көп жашасын.
Бул балам Россияда иштеп жүрчү. Ага чейин кыздарымдын колунда элем. Кийин экөө турмушка чыгып кетти. Анан атасы экөөбүз көп ооруп, жардамга муктаж болуп калдык. Ошондо эки кызым экөөбүздү бөлүп өз үйлөрүнө алып кетишти. 47 жыл жанымда жүргөн абышкамдан тирүүлөй ажырадым. Кыздарыма байкатпадым. Өзүбүз эле жашай берет элек, бирок кургур оору мүмкүнчүлүк бербеди. “Атаң кандай жүрөт”,-десем, жакшы экенин айтат, сүйлөштүрүп койбойт. Кыздарыма капа болдум. Ошентип алты жылдай чалымдан алыс болдум.
Уулум келип үйлөндү. Атасы экөөбүз ээрчишип тоюна бардык. Калп айтпайм, жанымда отурган чалым колумду кое бербеди. Кыязы ал дагы мени сагынган окшойт.
Сыртта отурсам уулум менен келиним келди. “Апа, жүрүңүз”,-деп келиним кайдадыр жетелеп жөнөдү. Жаңы там салышкан, ошонусуна бардык. Ичине кирсем чалым чай ичип отурат. Келиним мындан ары чогуу жашай турганыбызды айтты. Кудуңдап барып чалымдын жанына отуруп алдым.
“Апалап” ысык чайын сунуп, дарыларымды берип, көңүлүмдү карап турат. Мага мындан башка эч нерсе кереги жок. Эң негизгиси чалым экөөбүз чогуубуз, бизге ушул маанилүү.
Бул неберем мага аябай жакын. Беркисине көрсөтпөй пенсиямдан катып берип коем. Ал мага бир нерселерди айтып берип, интернеттен баяндарды окуп берет. Мурда өзүм эле гезит окуй алчумун. Карылык көздү дагы алат экен.
Сонун келиним бар. Кээде чарчап уктап калат. Анда дагы унчукпайм. Байкуш, балдары кичинекей, чарчайт да ал деле.  Эң негизгиси абышкам экөөбүз чогуубуз. Курсагыбыз ток. Сый көрүп төрдө отурабыз. Кечээ кыздарым кабар алганы келиптир. Дароо айтып койдум. “Мен өлсөм могу колумдагы апамдын шакеги келиниме тиет”,- дедим. Таарынып калышты окшойт.
Булак: http://bilesinbi.kg
 

Аргумент.kg