Чала саясатчы Өмүрбек Бабанов бийликке жетүү аракетин көрө береби же…

Чала саясатчы Өмүрбек Бабанов бийликке жетүү аракетин көрө береби же…

14-жалган куран, 2023-ж // Саясат // Айпери Осмоналиева

 

Учурунда өлкө башкарам деген олигарх Өмүрбек Бабановдун азыркы учурда такыр эле дымы чыкпай белгисиз бойдон калууда. Ал буга чейин бир нече жолу «Саясатты таштадым. Ишкерлик менен эле алектенем»- деп билдирүү жасаган. Бирок ал билдирүүлөрү сөз бойдон калган. Убактысы келгенде өлкөбүздө президенттик да, парламенттик да шайлоолор башталат. Бабанов буларга активдүү катышабы же жокпу? Эксперттердин айтымына караганда, анын бийлик амбициясын токтотушу дээрлик мүмкүн эмес. Адамда байлык жетишээрлик топтолгондо бийлик кумары күчөйт деген түшүнүк бар.

Өмүрбек мырза эмне болоор экен?Дагы эле бийликке жан талашабы же баарынан тойдум деп ишкерлиги менен эле алектенип калабы?

 Булак Аргумент.кж