Үч унаа кагылышып, үч адам жабыркады
07-жалган куран, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваБишкектин Абдрахманов көчөсүндөгү БЧК көпүрөсүндө 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды.
Бүгүн Бишкек шаарында саат 9.00дөр чамасында түштүк тарапты көздөй бара жаткан Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып кетип, Хонда Фит жана Лексус унаалары менен кагышкан. Алдын ала маалыматтар боюнча, үч адам жабыркаган.