Быйылкы жылы 775 мектеп интернет менен камсыздалат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жаңы окуу жылынын башталышы менен өлкөдө 775 мектеп интернетке туташтырылат, анын ичинде 608 мектеп бүгүнкү күнгө чейин интернетке кошулган. Калган мектептер боюнча иштер сентябрдын аягына чейин бүткөрүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн жумушчу кеңешмесинде айтылган.
Анда айтылгандай, Кыргызстанда мамлекеттик органдарда жана билим берүү мекемелеринде электрондук башкаруу системасын ишке киргизүү боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Заманбап интернет-технологияларды колдонуу менен билим берүү процессинде жаңы түзүм куруу маселеси Өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө турат.
Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирген боюнча, бул максатта республикалык бюджеттен 2017-жылы 111,8 млн сом каралганын, буга чейин 467 мектеп интернетке кошулган. Сентябрда буга дагы 775 орто окуу мекемеси кошулат.
Муну менен республикадагы мектептердин 60% интернет түйүнүнө туташтырылат.
Ал эми калган баардык мектептер интернетке 2018-жылы «Таза Коом» долбоорун ишке ашыруунун алкагында туташтырылат.
Булак: maralfm.kg

Аргумент.kg