Бычактан оор жарадар кылгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон
17-үчтүн айы, 2022-ж // // Айпери ОсмоналиеваЭки жаранды бычактаган уюшкан кылмыштуу топтуп мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ИИББ билдирди.
Маалыматта, милицияга ооруканадан 31 жана 32 жаштагы эки жаран бычактан оор абалда ооруканага түшкөнү тууралуу кабар келген. Көп өтпөй аталган факт боюнча кылмыш иши катталып, ага шектелип эки жаран кармалды. Алар мурда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Учурда убактылуу камоочу жайга киргизилип, тергөө иши уланууда.