Бычактаган жаран жабырлануучуну тосмо арыз жаз деп ачык коркутууда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эки ай мурун бычакталып аман калган жаранды шектүү тосмо арыз дап деп коркутуп келген. Бул тууралуу жергиликтүү сайттардын бири ачыктап жазып чыкты.

Маалыматта, ушул жылдын 10 июнунда кафеде отуруп пикир келишпестик болуп кетип бирөөсун бычактап кеткен. Бул боюнча Свердлов РИБга айрыз менен кайрылышкан. Тилекке каршы кылмыш иши токтоп, шектүү жабырлануучуну тосмо арыз жазышын талап кылып коркутуп келген.

«Кафеде отурганбыз. Досум кафенин администрациясына катасын айтып алар кечирип сурашты. Андан кийин акчасын төлөп чыгалы деп жатканда аркы столдо отургандардын бири келип досума сүйлөшөлү деди. Ал ордунан турар менен бетке муштады. Бизден башка да эс алуучулар бар болучу.  Мен аларды арачаланы тура калдым. Дагы экөө жетип келди. Алар мени да сабай баштады. Бири кафенин имаратынын ичине чуркап кирип кеткен. Бир кезде бычак көтөрүп чыкты. Кой айга келбей курсак тушка бычак менен сайып алды. Жыгылыдым, андан кийин досумду кубалады. Ал качып кутулду. Бизди ажыратып коюга кафенин күзөтчүсү да жок экен. Окуя болгон жерге жеке кызматтык күзөтчүлөр менен милиция кызматкерлери келип мени ооруканага алып барышты. Улуттук госпитал мени кабыл албай жатып араң киргизишти. Жараатым олутту болгонго алар бир нече саат операция кылып мени аман алып калышты. Кийин жаратым жакшы болуп калганда дарыгерлер бир аз кечиккенимде өлүп калмак экенимдиайтышты. Кийинки күнү Свердлов районунун тергөөчүлөрү келип жазып кетишкен. Көп өтпөй анын жакындары келип тосмо арыз жазышымды айтышты. Мен тосмо арыз жазып берүүдөн баш тарттым. Эми мени бычактаган жаран өзү телефон чалып тосмо арыз жазуум керек экенин айтып тынымсыз коркутуп жатат. Милиция кызматкерлерине айтсам кайдыгерлик кылып кол шилтеп коюшту. Шылтоолору шектүүну таппай жатабыз. Анын ким  экенин өзүм тактадым. Ал Казакстандык жаран экен. Ал ИИМде жакшы жерде иштеген тааныштарын айтып бул иш таптакыр каралбай турганын тосмо арыз жазбасам мени мындан да жаман окуялар күтуп турганын айтууда”-дейт жабырлануучу.

Аргумент.kg