«Бүтүн Кыргызстандын» өкмөттүн отставкасы тууралуу сунушу четке кагылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын Министрлер кабинетинин толук курамын кызмат орундарынан бошотуу сунушун Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитети карап, четке какты. Бул тууралуу Мирбек Мунарбек уулу билдирип, комитет бул маселени 28-апрелде кезексиз жыйында караганын айтты.

“Тармактык комитеттен чечимди четке кагуу сунушун депутат Жусупбек Коргонбай уулу берген. Анын сунушу бир добуштан кабыл алынган. Комитеттин отурумуна жети депутат катышкан. Кезексиз отурумга демилгечи тарап чакырылган эмес”, — деп жазат ал.

“Бүтүн Кыргызстан” Министрлер кабинетинин курамын толугу менен кызматтан кетирүү сунушун 27-апрелде берген. Мындай чечимге өкмөттүн Баш мыйзамдагы 44-берененин 2-бөлүгүндөгү талаптарды аткарбаганы негиз болгон.

Аргумент.kg