Бүрүшүп идиш жууп отурган кызымды көрүп, үп, ага айткан сөзүмө өкүндүм

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Сөз бүттү!» деп катуу бакырдым. Эшикти тарс жаап чыгып кетти. Туура эмес кылганымды билдим. Ары-бери баса бердим. Кызымдын чачынан жыттап, кечирим сурагым келди. Бирок, мен деген атамын да деген кур намыс бутумду жылдырбай койду. ду. Кыздуу болгон күнүм дале эсимде. Төрөтканадан көкөлөп учуп чыгып досторума бет алдым. Баары «эми эркек балалуу бол, кыз баары бир кетет» деп мени тарс эткире жерге түшүрүп салышты. Кызымдын ийиликтерине жашырынып сүйүнүп жүрдүм. Досторумдун көзүнчө менден өткөн катуу ата жок. Кызым грамота көтөрүп келсе «ммм» деп эле коем. Шагы сынган боюнча артка кетет. Кечинде туруп алып акырын сервантка барам. Грамотасын кучактап өөп, кайра ордума барып жатып алам. «Эл эмне дейт», «досторум эмне дейт» деген нерселер мени ата болуу кубанычынан айрылтып жатты. Кызым келечекте программист болорун айтты. «Сен деген болочоктогу келинсиң, кайдагы оку, анын үстүнө эркектердин окуусу экен, тур идиш жуу» деп салдым. Кызым менден алыстай баштады. Сабактан кийин «аталап» чуркап келбейт. Маанайы суз. Китеп окуп, компьютерден бир нерселерди жасап отурган баягы жайдары мүнөз кызым жок. Болгону 12 жашта. Мени кучактабай калды. Жумуштан келсем кичинекей колдору менен идиш жууп отуруптур. Чачтары саксайган, көзү муңдуу. — Эжең чалды. Сабактан начарлап баратканыңды айтты. Эмнеге тапшырмаларды аткарбай калдың? — Идиш жууп жетишпей калдым. — Сабакты даярдап коюп жуу да… — Мен деген келинмин да ата! Шап туруп басып кетти. Кызымдын кыялдарына балта чапканымды билдим. Айткан сөзүмө өкүнүп ыйладым. Бойтойгон колдору китепти эмес, кир идишти кармап отурду. Мен эмне деген атамын! Кызымды таң эрте ойготтум. «Жүрөгой кызым, шаарга барып келели» дедим. Мени таңкалып карап турду. «Тур, турагой, келечектеги программисттке мыкты ноутбук керек. Жүр, жүрөгой, мен алып берем.» Мойнумду катуу кучактады. Шашып кийине баштады. Жолдон баягы досторума жолуктум. Кызымдын колун кармап, башымды көтөргөн боюнча өтүп кеттим. Ушундай эс алып калдым. Шаардан экөөбүз балмуздак жедик, сейилдеп аркы-беркини сүйлөштүк. Анан акырында мындай дедим. — Жаман атаң программист боло албайсың десе ишенбе. Башкалар айтса дагы ишенбе. Кыялыңа багыт ал кызым. Сен келечектеги келин эмессиң. Сен Айдайсың. Уктуңбу? — Ата, менин грамоталарымды кучактап өпкөнүңдү көргөм. Менин кызым сөзсүз кыялына жетет. Менин кызым келин болбойт. Менин кызым бактылуу адам болот.
http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg