«Бул мырзадан башка эч ким керек эмес” Анжелика сүйүктүүсүн ачыктады
14-бирдин айы, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева«Бул кереметтерди эч ката албай койдум. Ал башка бир ааламдын адамы». Бул тууралуу ырчы Анжелика Кайратова өзүнүн инстаграм баракчасына жазып чыкты.
«Мен кандай болсом, ошондой сүйөт. Кыздар, баарыбыз ушундай көңүл бурууга татыктуубуз.
Балким дагы бир жолу мактанганым үчүн кээ бирөөлөрдүн кыжырына тийип жаткандырмын , бирок ошентсе да бөлүшө берем. Мен мактангым келет, мага бүгүн уруксат бергиле.
Азыраак сүйлөп, көбүрөөк көңүл буруу керек…
Бул кереметтерди эч ката албай койдум. Айрым айымдар жөнү жок эле күйөөлөрүн менден кызгана беришет, уят. Мага бул мырзадан башка эч ким керек эмес. Ал башка бир ааламдын адамы»,- деди ырчы айым.