Тагдыр: Буюртма берген сойкум карындашым болуп чыкты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Азыр мен оор абалдамын. Ичимде күйүп жаткан арманымды ызамды эч кимге айта албайм. Биз төрт бир тууганбыз. Бир карындашым бар. Улуусу болгонго баарына кам көрүп өзгөчө карындашымды жашоомдун бир бөлүгүндөй кабыл алчумун. Көзүмдүн карегиндей сактагым келчү. Болгон аракетимди жумшап анын бактылуу болушун каалаган элем. Бирок баардык нерсе менин колумда эмес экен. Мен айлык маянасы жакшы жумушта иштейм. Менин шефим кыз жандуу болгонго дайыма кыздарды буюрма кылып эс алып келчү. Кээде буюрманы мен берип калчумун. Ушундай күндөрдүн биринде жумуштун телефону менен сойку кармаган сауналардын бирине чалып калдым. Ал жерге көп чалып жүргөнгө мамашасы жаңы тажрыйбалуу жаш кыз келгенин айтып калды. Оюмда шефти кубантайын деп кечки саат алтыга даяр болуп турсун дедим. Айтылген дарек менен шефирм ал күнү эс алууга кетти. Кийинки жумада баягы кызды таап бер деп калды. Бул жолу таап, шеф айткан жерге мен жеткирмек болгом. Сүйлөшүлгөн саатта барып баягы саунанын жанында токтоп турсам дарбазанын ичинен ачык кийинген бир кыз чыкты. Көргөн көзүмө ишенген жокмун. Бир нече секунд жүрөгүм токтоп калды. Башыма кан тээп, колум рулду кармаган бойдон карышып калды. Ал кыз менин жанымдан артык көргөн карындашым эле. Жакын келип мени көрөр менен ал да токтоду. Колундагы сумкасы жерге түшүп калганын да байкабады. Ошол жерден машинаны катуу айдап кеттим. Калганы эсимде жок. Бир убакта көзүмдү ачсам ооруканада жатыптырмын. Колум бутум таңылуу денем сыздап ооруйт. Жанымда апам отурат. Көздөрү шишиген. Көрсө мен катуу айдап бара жатып бакты сүзуптүрмүн машина жарабай калыптыр. Карындашым болсо телефону өчүк кайда кеткени белгисиз. Бир учурда апамды эки сокку карытып да ийди. Азыр бир аз басып калдым. Бирок жан дүйнөм сыздап ооруп жатат… Карындашым кайсы жакта кимге кор болуп ким менен жүрөт деген той мени тынымсыз курттай жей берет. Аргумент.кж

Аргумент.kg