Бүгүн Камчыбек Ташиев маалымат жыйын берет
08-теке, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваБүгүн, 8-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев азыркы кырдаал боюнча маалымат жыйын берет. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Камчыбек Ташиевдин 2-июлда эмгек өргүүгө ден соолугуна байланыштуу чыккан жана дарылануу үчүн чет өлкөгө учканы маалым.
Ташиевге 12-февралда Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнө операция жасалган. Кийин Баткен чек ара жаңжалы чыкканда УКМКнын төрагасы чет өлкөгө дарыланууга кеткени маалым болуп, ооруканага жетпей кайтканын өзү билдирген.