БШК Орозайым Нарматованын депутаттык мандатын жокко чыгарды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бүгүн, 20-январда БШКнын отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандаты жокко чыгарылды.

Буга чейин ал жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алгандыгы боюнча 14-январда саат 16:00дө УКМКга сурак берип чыкканы маалымдалган. Ошондой эле күбө катары атасы дагы суракка чакырылган. Натыйжада Жалал-Абад мамлекеттик университетинин тиешелүү кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгон.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Нарматованын ЖАМУдагы өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок болуп чыккан. Мындан тышкары, сессияларды жана тиешелүү сынактарды тапшыруу учурунда Нарматова өлкөдө жок болуп, Орусияда жүргөнү аныкталганы кабарланган.

Ал эми бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Боршайкомдун жыйынында бул маалыматтарды ырастап, Жалал-Абад мамлекеттик университетинде комиссия иштеп, Нарматовага берилген дипломду чакыртып алуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Кошумчалай кетсек, бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров УКМКга өлкөдөгү ар бир мамлекеттик кызматкердин деңгээлине карабастан диплом, күбөлүк, тиешелүү документ, сертификаттарынан бери текшерүү тапшырмасын берди. Ал эми УКМК текшерүүнү 24-январдан баштап 3 ай ичинде жыйынтык чыгарышы керек.

Атайын кызмат жасалма документтери бар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, бардык деңгээлдеги депутаттарды ээлеген кызматын өз алдынча бошотууга чакырды.

Аргумент.kg