БШК Муртазалиевдин жеңишин жокко чыгарды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-февралда Свердлов округунда өткөн кайра шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин жеңишин жокко чыгарды. Бул тууралуу Азаттык радиосу билдирди.

Мындай чечим БШКнын 9-марттагы отурумунда бир добуштан кабыл алынды жана ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгону айтылды. Бул

Боршайкомдун жыйында укук коргоо органдарынын кызматкерлери добуш сатып алуу фактысы менен кармалган жарандардын талапкер Абдурахманхажи Муртазалиев менен байланышы бар экенин билдиришти.

Чечим ыкчам чара көрүү координациялык тобуна түшкөн билдирүүлөр жана талапкер Шайлообек Атазовдун арызынын негизинде чыкты.

Абдурахманхажи Муртазалиев үч күндүн ичинде БШКнын чечимин сотко берсе болот. Ал азырынча комментарий бере элек.

БШК 10-мартта аталган округдан 3-орунду алган талапкер Алмаз Аскар уулунун талапкер Шайлообек Атазовго каршы жазган арызын карайт.

Аргумент.kg