БШК: Бек Борбиевдин «Мекеним Кыргызстан» ырында үгүттөө фактылары бар

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев жаңы ырына клип тарттырган. Ырдын текстинде жана клибинде “Мекеним Кыргызстан” партиясына үгүттөгөн жерлери бар экендигин байкаса болот. Мыйзам боюнча шайлоого аттанып жаткан партияларга 4-сентябрдан тартып гана үгүт иштерине уруксат берилет. Бек Борбиевдин жаңы ырынын клиби Фейсбуктагы “Моя Родина Кыргызстан” деп аталган баракчага жүктөлүп, ага жарнама коюлган. Клипте Кыргыздын боз үйүнөн баштап кооз жаратылышына чейин сүрөттөгөн партиоттук мыкты чыгарма болгон. Бирок клипте кагаздан жасалган учак  “Мекеним Кыргызстан” партиясынын логотиби менен облустардын үстүнөн учуп жүргөнүн көрүүгө болот.  Ошондой эле ырдын текстинде партияга үгүттөөчү “Мекеним Кыргызстан”  деген сөз бир нече жолу колдонулган. Клипти үч күндүн ичинде  жалпысынан 66 миң киши көрүп, 420 интернет колдонуучулар бөлүшкөн.
Бул боюнча шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү борборунун катчысы Чынара Исмаилова клипте үгүттөө фактылары бар экенин белгиледи. Ошондой  эле ал  БШКнын үгүттөө иштери боюнча  жумушчу тобу тарабынан каралаарын баса белгиледи.
 
Ырдын тексти:
Мекеним Кыргызстан,
Сен үчүн ар убакта жаным курман.
Бириктик мекен үчүн,
Уул-кызың сөздөрүнө бекем турган.
Кайырма:
Уктук убада, болдук убара,
Жададык эски турмуштан.
Жаңы жол танда, жаңы күч танда,
Мекеним Кыргызстан!
Үгүттөсө эмне экен?
ARGUMENT.KG

Аргумент.kg