Британ депутаты Казакстан жетечилерине да санкция салууга чакырды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Улуу Британия парламентинде Орусияга каршы санкция салуу талкууланып жатканда Казакстан жетекчилерине да чара көрүү сунушталды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Өткөн айда Казакстандын “клептократиялык элитасына” каршы санкция киргизүү зарылдыгын айткан парламенттин мүчөсү Маргарет Ходж 1-мартта Москвага эле эмес, Орусия президенти Владимир Путинди колдоп жаткан Казакстан жана Азербайжанга да чектөө киргизүү зарылдыгын билдирди.

Британиянын тышкы иштер министри Элизабет Трасс Нур-Султан менен Бакуга каршы санкция салуу мүмкүндүктөрү жөнүндө маселени иликтеп чыгарын айтты. Ал ушул тапта Лондон Орусия менен Беларуска каршы санкция киргизүү менен алектенип жатканын кошумчалады.

3-февралда Маргарет Ходж британ өкмөтүн коррупцияга каршы салынган санкцияларды бузган казакстандык жемкорлорго карата чараларды күчөтүүгө чакырган. Ал бул пикирин “Казакстан: антикоррупциялык санкциялар” деп аталган дебатта билдирген.

Ходж санкция салынышы керек деген он чакты кишинин атын атап, алар акчаны адалдоо үчүн ар түрдүү мыйзамсыз иштерди жасап жатканын айткан. Алардын ичинде Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин тушунда каражат тапкан миллиардерлер, бизнесмендер жана анын жакындары да аталган.

Ал өз элин тоноп келген жемкорлорго катуу санкцияларды салуу керектигин эскерткен.

Аргумент.kg