«Бөтөн жерде жашыруун жолугушуу өтө уят». Мадумаров экс-президенттердин Дубайдагы жолугушуусун сынга алды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров экс-президенттердин Дубайдагы жолугушуусун сынга алды. Депутаттын айтымында, муну менен азыркы бийлик арыгын алдын-ала чаап жатат.

«Эл үчүн иштейбиз деп жүргөн азаматтардын баары өздөрүнүн маселесин бөтөн жерге барып, жашыруун түрдө жолугушуусу бул өтө уят маселе. «Баарын бир столго бириктирдим» деп жатпайбы, отургуза турган болсо касиеттүү Кыргыз жери бар. Ушул жерде эл үчүн, мамлекет үчүн иштейбиз деп ант ичишкен. Ушул жерге келип жыйналса, кепилдик беришсе дагы жакшы болмок. Жеке кишинин пикири менен улуттун пикирин аралаштырбаш керек. Ал сенин пикириң, бири-бири менен кечиришеби, кечиришпейби ал алардын жумушу. Мунун негизги максаты ошол жактагы президенттердин тагдыры же мамлекеттин келечеги эмес, азыркы бийлик өзүнүн арыгын алдын-ала чаап жатат», — деди Мадумаров.

Аргумент.kg