Бостеридеги аквапаркты ээси жабуудан баш тартты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жергиликтүү бийлик аттракциондордун ээлерине бул жайлар техникалык коопсуздук талаптарына жооп берет деген корутунду же тастыктоочу документтер чыкканга чейин ишти токтото туруу өтүнүчү менен кайрылышкан, бирок алар баш тартып коюшкан.

«Бизде башка эч кандай ыйгарым укуктар болбогондуктан Аквапаркты токтото туруусун сурандык, тилекке каршы алар азыр жаба албайбыз деп жооп беришти» деди Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадилов Turmush басылмасынын кабарчысына.

Эскерте кетсек, 27-июлда 18 жаштагы жигит Алтын Кумдар пансионатынын жээгинде сүзуп жүргөн жеринен аквапарктын суу сордуруучу түтүгу соруп кетип каза болуп калган.  Жигиттин сөөү алты сааттан кийин суу сордуруучу түтуктөрдү кесип жатып аран чыккан.
Ал эми бул аквапарткын жетекчиси Айдар Большевикович Текебаев «Dolphin de Lux» ЖЧКсынын жетекчиси жана жападан-жалгыз негиздөөчүсү катары көрсөтүлгөн, компания 2015-жылдын 14-сентябрында каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүк турак-жай жана турак эмес имараттарды куруу болуп саналат.

Айдар Текебаев «Дельфин Ланд» ЖЧКсынын башчысы катары көрсөтүлгөн. Уюштуруучулардын катарында Дунканаев Мирлан Нуржанович, Текебаев Айдар Большевикович, Дунканаев Рустам Мирланович, Дунканаев Нурлан Нуржанович, Дунканаев Искен Нурланович бар. ЖЧК 2020-жылы 13-майда кайра каттоодон өткөн. Негизги иш — мейманканалар тарабынан кызмат көрсөтүү.

Буга чейин уюштуруучулардын катарына экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жубайы, «Республика-Ата Журт» фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиев — Гүлсар Сулайманов кирген.

Factcheck иликтөөсү чыккандан кийин Сулайманова уюштуруучулардын тизмесинен жок болуп, компания кайрадан каттоодон өткөн. Уюштуруучулардын катарында экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жээни — Асыл болгон, бирок Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, ал уюштуруучулардын тизмесинде жок.

Аргумент.kg