
Бороондо калган эки жаран куткарылды
10-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваӨзгөчө кырдаалдар министринен билдиришкендей, кечээ Ысык -Көл облусунда эки жаран бороондон куткарылды .
Маалыматка ылайык, бороондо калган эки жаран Toyota Land Cruiser унаасы менен Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак айылынан Барскоон айылына бара жатышкан .Бороондун катуусунан улам,жолдо калып дайыны чыккан эмес.
Окуя 7-апрелде болгон.Ал эми куткаруучулар тобу 9-апрелде барышкан.Ошентсе да жарандардын учурдагы абалы жакшы .
Жалпысынан куткаруу иштерине унаа жолду тазалоого 1 жүктөгүч жана УКМКнын “Кара-Сай” чек-ара заставасынан 6 аскер кызматкери атайын техника менен тартылган.
Булак:Аргумент кж