Борбор Азия өлкөлөрүндө Тукуновдой тутам сакал койгон бир да чиновник жок

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Антимонополия кызматынын орун басары Акжолтой Тукунов бир карышка жете бербеген сакал коюп, Жогорку Кеңешке барып, маанилүү иштерге аралашып жүрөт. Өз милдетин аткарууда ашкере пиарды пайдаланып, элге алынуу максатын койгондой. Кыз-келиндер менен сүрөткө түшөт, төө минет, ойго келгис кадамдарды кылгысы келет. Эмне үчүн буга маани берип атабыз? Аныгында, Акжолтой Тукунов таксыр динге ашкере берилген жайы бар. Кайсы агымда экени белгисиз. Бул жагын биз тескебейбиз, ал күч органдарынын иши болсо керек. Кызыгы, Борбор Азия өлкөлөрүндө Тукуновдой тутам сакал койгон бир да чиновник жок экен. Коңшу өлкөлөрдө мамлекеттик кызматкер эмес, жөнөкөй адам да беймаани сакал коё бербейт (кары-картаңдарды эске албаганда). Ошондо мындай көрүнүш Кыргызстандагы дагы бир өзгөчөлүкпү? Динге ашкере эркиндик берүүнүн аягы эмнеге алып барат болду экен?..

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg