Боомдо кайрадан өрт чыгып,10 гектар жер өрттөнгөн

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек-Балыкчы унаа жолунда өрт чыккан.Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,ачык  аянттагы куураган чөп жана бадалдардан чыккан өрттү өчүрүүгө жалпы ӨКМден 3 өрт өчүрүүчү күжүрмөн эсеп, 20 куткаруучу тартылган.

Токой чарба кызматынан 15 кызматкер, ИИМден 1 экипаж жана «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан 15 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 15 адам өрттү өчүрүүгө көмөктөшүүдө.

Маалым болгондой, өрттөнгөн жердин болжолдуу аянтты 10 гектарды түзөт. Өрт болуп жаткан учурда шамал болуп жатканына байланыштуу өрт өчүрүүгө кыйындык жаралган.

Ошондой эле, саат 22:30 да «Балыкчы» суу чарбасынан 1 суу ташуучу унаа жардамга чакырылган.Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен 00:30да чектөөгө алынып, жеринде Балыкчы шаардык №19 өрткө каршы бөлүктөн дан 1 күжүрмөн эсеп Токой чарбасынан 10 кызматкер өрттү толук өчүрүүгө жана түнкү нөөмөт уюштурууга калышкан.

Булак:Аргумент кж

Аргумент.kg