
Бомба тууралуу жалган маалымат тараткандарга жаза күчөтүлөт
27-чын куран, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваБүгүн, депутат Сүйүн Өмүрзаков Жогорку Кенештин жыйынында бомба тууралуу жалган маалымат тараткандарга жаза күчөтүү керектигин айтты.
«Акыркы күндөрү ЖОЖ жана мектептерде бомба бар деген маалыматтар тароодо.Бирок , тешергенде эч кандай жардыруучу заттар табылган эмес.Жалган маалымат таратуу менен канча адамды убара кылууда.Ата-энелердин кооптонуусу, балдардын психологиялык абалы ошол менен катар милиция кызматкерлеринин убаралануусу.Биз бул нерсеге чоң жаза беришибиз керек.Жазаны женилдигинен каалагандай маалымат таратып , чардап жатышат»-деген ,ЖКнын депутаты.
Белгилей кетсек, жардыруучу зат бар делип, 3 ирет окуу мекемелеринде текшерүү иштери болгон.Жалпысынан 30 га чамалуу мектеп,ЖОЖдор текшерилген.Натыйжада,эч кандай коопту заттар жок экени аныкталган.
Булак:Аргумент кж