Болот Купешов министр катары ишин эптей албай, Медет Букуевден жалтактап калдыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Билим берүү жана илим министри Болот Купешов ишти эмнеден баштарын билбей, эси эки болуп жаткан учуру. Жок дегенде эскилиги жетип, кулайын деп турган мектептердин курулушу токтоп, чала бүткөн мектептердин да эсебин ала албай жүдөп жүргөнүн айтышууда. Үргүлөп отура бербей, министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповго барып, “окуу китептерин чыгарганга каражат бер” дебейби? Себеби, мектептер окуу китептери менен болгону 50 пайызга гана камсыз болгон. Муну министр билбесе да, эл билет.

Университеттер менен министр Болот Купешовдун иши жок экен. Анткени ректорлор президенттин кеңешчиси Медет Букуевге баш ийет тура. Илимий конференцияларда “жаргондорду” түшүндүрүп, үйрөтүп жүргөн кеңешчи Медет Букуевди көргөндө ректорлор кожоюнуна шыйпаңдаган күчүктөрдөй эле кыңшылап жиберишери аңызга айланды.

Министр Болот Купешов илим тармагын да карай турганын кулак кагыш кылып коёлу. “Мен илимди билбейм” деп жүрбөсүн. ЖАКтын төрайымы Б.Тыналиева “баш ийбейм” деп так секирип жатып, эми моюн сунду. Эгер илим жагы президенттин кеңешчиси Медет Букуевди кызыктырбаса, Болот Купешов өзү кожоюн болуп, тийешелүү тармагын ээн-жайкын башкара берсе болот. Министр качанкыга чейин жалтактайт?..

Бекбол Айдаров 

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg