Бөлмө гүлдөрүнө химиялык суусундуктар жакпайт,аларды өстүрүү шарттары

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ооруган гүлдү дарылап өмүрүн узартууга февраль, март айлары ыңгайлуу. Гүл ар бир эле адамдын колунан мыкты өсө бербейт. Кыш мезгилинде бөлмө гүлдөрү өзгөчө кылдат мамилени талап кылат. Ооруган гүлдүн өмүрүн узартууга февраль, март айлары ыңгайлуу. Дени сак жашоого көмөкчү Акыркы учурда кандай гана тазалоо жумушу болбосун ар түрдүү порошоктор, атайын химиялык суюктуктар кеңири колдонулуп жатат. Булардан абага сөзсүз түрдө зыяндуу химиялык заттар бөлүнүп чыгат. Мындан тышкары пластиктен жасалган буюмдар, айнек, пол сырдаган боёктор да көптөгөн зыяндуу заттарды бөлүп чыгарып бөлмөдөгү абаны булгайт. Бөлмө өсүмдүктөрүнүн жардамы менен бул көйгөйдүн алдын алууга мүмкүн. Анткени бул өсүмдүктөр абадагы зыяндуу нерселерди тазалоочу касиетке ээ. Өзгөчө шаар жергесинде машинелерден чыккан түтүн үйлөргө кирип, абаны булгайт. Ал биртоп зыяндуу заттардан тургандыгына байланыштуу оор, жагамсыз жыты бар. Бул адамдын ден соолугуна абдан коркунучтуу, атургай күнүмдүк турмушта да көптөгөн кыйынчылыктарга жол ачат. Мисалы, адамдын башын оорутуп, алын кетирип, шалдыратышы мүмкүн же айрымдарынын көңүлү айланып ишке болгон жөндөмү начарлайт. Бөлмө гүлдөрү болсо абаны жагымсыз жыттардан тазалоочу эң негизги курал болуп эсептелет. Мындан тышкары телевизор, компьютер сыяктуу электрондук техникалардан бөлүнүп чыккан электромагниттик, иондоштуруучу жана радиациялык нурлардан коргонуу үчүн бөлмө өсүмдүктөрүн өстүрүү керек. Бөлмөнү зыяндуу нурлардан тазалоо үчүн кактус гүлү чоң жардам берет. Ошондой эле айрым гүлдөр бөлмөдөгү инфекцияларды, бактерияларды өлтүрөт. Алардын адамдын мүнөзүнө таасири Бөлмө өсүмдүктөрүнүн адамдын мүнөзүнө, психологиясына оң таасир берерин белгиледи. Анын айтымында, геран жана бегония гүлдөрү адамдын өзүнө ишенимин жогорулатат. Глоксиния гүлү материалдык абалдын жакшырышына жардам берет. Бальзам гүлү жана кытай розасы адамдын чыгармачылыгынын өнүгүшүнө шарт түзсө, пальма жана райхан гүлдөрү эркти күчтөндүрөт. Кандай гана гүл болбосун ал адамдын маанайын көтөрөт. Чарчаганда эс алууга жардам берсе, ачууланган учурда жиндин бат таркашына, адамдын тынчтануусуна себепчи боло алат. Мындан тышкары айрым гүлдөр шыпаа берүүчү касиетке ээ. Гүлгө туура кам көрүү — Гүлгө абадай эле зарыл болгон нерсе — жылуулук. Күн суук мезгилде терезенин жээгин жылуулап чаптоо зарыл. Кээ бир үйлөрдө жылуулук берүүчү батареядан чыккан жылуу илеп гүлдүн жалбырактарын кургатып, какшытып да жиберет. Ошондуктан, гүлдүн түбүнө суу куюп, жалбырактарын сүртүп тим болбостон, гүлдү сууну чачыратып сугаруу зарыл. — Гүлдүн өмүрүнүн узактыгы анын жарык көрүп, күн нурунан кубат алгандыгына байланыштуу. Гүл сөзсүз түрдө терезеде же жарыкка жакын атайын текчеде турушу керек. Гүлдүн жалбырактары саргарып, суу куйсаңыз деле болбой «ден соолугунун» начарлашынын бирден-бир себеби күн нурунун жетишсиздиги болуп саналат. Баскан-турганда гүлдүн жалбырактарына тийбей, ага тоскоолдук жаратпагыдай ыңгайлуу бурчка жай түзүп берүү керек. — Жок дегенде бир-эки жылда, чоң гүлдөрдү үч же төрт жылда бир топурагын алмаштырып туруу керектелет. Анткени, гүл улам өскөн сайын топурактагы гүл азыктана турган пайдалуу заттар азаят, дээрлик жоголот. — Гүл челекти өйдө көтөрүп караңыз, эгер түбүндөгү тешикчеден бир аз тамырлар агарып көрүнүп турса, демек, бул идиш ага тардык кыла баштады. — Гүлдү кайра отургузуу керек экенин билүүгө анын жыты да жардам берет. Суу куярда анын сабагын жыттап көрүнүз, эгер жагымсыз жыттанып, топурактын үстүңкү катмары агара баштаса, дароо башка кенен идишке отургузууну колго алыңыз. — Бөлмө гүлдөрүнүн топурагын алмаштурууга ыңгайлуу мезгил февраль-март-апрель айлары. Көчүрө турган гүлгө үч күн суу куйбай коёсуз. Ошондо топурак гүл челектен оңой ажыратылат. Гүлдүн тамыры менен кошо ажыратып алган топуракты сууга малып жибитип аласыз, тамыр топурактан бошогондо кененирээк башка гүл челекке отургузасыз. — Гүлдү өтө бийик жерге жайгаштыруу туура эмес. Бул бөлмөгө кооздук жаратканы менен өмүрүн кыскартат. Гүлдүн жалбырагы канчалык бийиктиктен эңкейип турса, анын сабагына ошончо күч келет. — Гүл дайым эле терезеде тура бербестен, кээде маал-маалы менен таза абага чыгып дем алуусу зарыл. Жок дегенде эки-үч жумада бир жолу бөлмө өсүмдүктөрүн сыртка алып чыгып дем алдыруу керек. Суу куюлгандан кийин үч-төрт саат убакыт сыртта турган гүлдөрдүн жыты аңкып, түсү жакшыра түшкөнүн байкасаңыз болот. — Жазында бөлмө гүлдөрүн кышкыга караганда эки эсе көп сугаруу керек. — Керамика идишинде өскөн гүлдөр башка материалдардан жасалган идиште өскөн гүлдөргө караганда көбүрөөк суу талап кылат. — Адаттагы биз өстүрүп келген бөлмө гүлдөрүнүн топурагына 1-2 айда бир ирет атайын минералдарды, азот жана башка жер семирткичтерди сээп туруу керек. — Кандайдыр бир ооруга чалдыккан гүлдүн топурагын алмаштыруу зарыл. — Эгер гүлдүн жалбырактарын ак же саргыч түстөгү ун сымал так басып баратса, 1 чай кашык соданы 100 миллиграмм сууга аралаштырып өсүмдүккө себүү керек. Бул ыкманы 10 күн кайталоо керек. — Өтө нымдуу жана ысык жерде өстүрбөгөнүңүз туура. Мындай учурда өсүмдүккө грибок оорусу жабышышы мүмкүн. Булак:Аргумент кж 

Аргумент.kg