«Боюңдан түшүрөм деп коркуткан». Сузакта байбиче менен токолдун жаңжалы боюнча соттун чечими жокко чыгарылды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 30 жаштагы Кумарбектин (каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү) экинчи аялы жолдошунун биринчи аялы тарабынан сабалган. Бул туурасында «Адилет» укук коргоо уюмунан кабарлашат.

Уюмдун жактоочуларынын айтымында, байбиче менен токол бири-бирин каралап, жалган жалаа жаап, урушуп жүрүшкөн.

Кумарбек 19 жаштагы Айнура аттуу кызга баш кошордо биринчи аялы менен ажырашып кеткенин айткан. Бирок бир айдан кийин ал 21 жаштагы Акшооланы (биринчи жубайы) Жалал-Абад шаарындагы батирге алып келип жайгаштырган. Алардын эки баласы бар. Ал эми Айнура Кумарбектин ата-энеси менен айылда калган. Келиндер алгачкы күнү эле бири-бирин жактырышкан эмес. Акшоола Айнурага кол салган күнү Кумарбек, анын апасы да окуянын катышуучусу болушкан. Башкача айтканда, алар Айнуранын телефонун тартып алуу аракетин көрүп кол көтөрүшкөн. Ушундай жол менен алар келиндин төркүнүнө телефон чалып, баарын айтып берүүсүнө жол бербөөгө аракет кылышкан.

Бул окуядан кийин Кумарбекке «ден соолукка атайылап жеңил залал келтирүү» беренеси менен айып тагылган. Кылмыштын декриминалдаштырылышына байланыштуу азыр ага «үй-бүлөлүк зомбулук» беренеси боюнча айып тагылды.

Айнуранын кызыкчылыгын коргогон жактоочу Элдорбек Бакиров бул чечимге таптакыр макул эмес. Анын пикири боюнча, тергөөчү тартип бузууну декриминалдаштырууну эске алган күндө деле «ден соолукка атайылап анча оор эмес залал келтирүү» беренесин (эсептөө көрсөткүчүнүн 200 өлчөмүндө айып салуу же 20 сааттан 40 саатка чейин коомдук жумуштарга тартуу) калтырышы керек болчу. Бирок тергөөчү жогорудагы беренени «үй-бүлөлүк зомбулукка» (40 саатка коомдук жумуштарга тартуу же үчтөн жети суткага чейин камакка алуу) өзгөртүп салган. Ал эми уруп-сабоого Кумарбектен сырткары анын апасы да катышуучу болуп, Акшоола башкы шыкакчы болгон. Ага карабай тергөөчү бул аракеттерге такыр юридикалык баа берген эмес.

«Боюмдан түшүп калсын деп менин курсагыма уруп (курсагында 18 апталык ымыркай бар болчу), колумды тытып салды. Экөөбүзгө арачы түшүп жатканда Акшоола телефонду курсагымды көздөй ыргытты. Ал мени боюмдан түшүрөм деп коркутту», — деп жазган Айнура өз арызында.

Жактоочу белгилегендей, жаңы кодекстер күчүнө кирген күнү эле тергөөчү иштин материалдарын райондук милицияга өткөрүп бериши керек болчу. Бирок тергөөчү материалды 27 күн сактаган дейт. Азырынча эч кандай чара көрүлө элек. Айнура болгон окуяны уюлдук телефондун диктофонуна жазып алган. Бирок тергөөчү бул аудиожазманы укпай, сотко чейинки өндүрүштүн материалдарына тиркеген да эмес.

Сузак райондук соту тергөөчүнүн ишти кыскартып, райондук милицияга өткөрүп берүү чечимин мыйзамдуу деп тапты. Бирок Жалал-Абад облустук соту жактоочунун арызын карап, тергөөчүнүн сотко чейинки өндүрүштү токтотуу чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп таап, Сузак райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Мыйзам бузууларды четтетүү үчүн иш материалдары Сузак РИИБинин тергөө бөлүмүнө кайра өткөрүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз.

https://www.super.kg/kabar/news/401277/?fbclid=IwAR0c1Y_SQtkiTEU2Lh9SjYREdUlxzOVV5kWD_bZRqaa5bhmwKFYMi7GVL_E

Аргумент.kg