Блогер Жолболдуева журналисттин өлүмүнө байланышкан иши боюнча акталды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Баткен облустук соту блогер Батмакан Жолболдуеваны журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмү боюнча иште айыпсыз деп таап, актады. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан «Азаттыкка» маалымдашты.

Ага ылайык, 22-майдагы сот отурумунда Батмакан Жолболдуева Кылмыш кодексинин 190-беренеси «Купуя жашоонун кол тийбестигин бузуу» менен айыпсыз деп табылды. Кылмыш кодексинин 280-беренеси «Ээнбаштык» менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айыпка жыгылды.

Кылмыш кодексинин 379-беренеси «Документтерди жасалмалоо» менен эки жылга эркинен ажыратылып, бирок «82-берене боюнча жаза өтөөдөн бошотуу менен бир жылга пробациялык көзөмөл белгиленди» деп жазылган маалыматта.

Маалыматты Жолболдуева өзү да «Азаттыкка» ырастады. Ал айыпталган эки эпизод боюнча жогорку сот бутагына кайрыларын билдирди.

Жолболдуева 2022-жылы 28-мартта камалып, ошол эле жылдын 19-августунда үй камагына чыккан. Баткен милициясы ага Кылмыш-жаза кодексинин «этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”, «жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу”, “документтерди жасалмалоо” жана “бейбаштык” беренелери менен кылмыш ишин козгогон.

Баткен облусунда иштеген 37 жаштагы журналист Арзыгүл Галымбетова 2022-жылдын 25-мартында өзүн жаман сезип ооруканага түшүп, эсине келбей каза болгон. Баткен милициясы маркум каза болордон мурда Жолболдуева аны каралап жатканын айтып, арыз жазганын маалымдаган. Маркумдун жакындары блогерге доосу жок экенин билдирип, журналисттин өлүмүнө башка кишилерди шек санай турганын айтышкан.

YouTube порталында 49 миңден ашуун катталуучусу бар “Батма-бат” каналынын автору Батмакан Жолболдуева аталган облустагы ашкана-дүкөндөрдүн тазалыгын, товарлардын мөөнөтүн текшерген видеолорун жарыялап турган. Ал өзүнүн социалдык баракчалары аркылуу Баткендеги жергиликтүү бийликтин ишин сынга алып келген,

Булак:Аргумент  кж 

Аргумент.kg