Блогер Улукбек Карыбек уулуна 16 миң сом айыппул салынды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Блогер Улукбек Карыбек уулуна жол эрежесин бузгандыгы үчүн 16 миң сом айыппул салынды. Бул тууралуу блогер өзү социалдык тармактарда билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин соцтармактарга блогердин унаасы менен карама-каршы тилкеге чыгып, коопсуздук курун тагынбаганы тартылган видео тараган.

Анын айтымында, жол эрежесин бузганы үчүн ал айып пул төлөө үчүн Милициянын кайгуул кызматкерлерин чакырган.

Ага карама-каршы тилкеге чыкканы үчүн 15 миң сом жана кур тагынбаганы үчүн 1 миң сом айып пул салынган. Ал 1 миң сомдук айып пулду 30 күн ичинде 70%дык жеңилдик менен төлөй алат. Ал эми карама-каршы тилкеге чыкканы үчүн андай жеңилдик каралган эмес.

Аргумент.kg