“Бизге Садыр менен Камчыдай башчылар болсо…” деп казактар суктанышты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Казак эли соңку көтөрүлүштөн кийин көздөрү ачылгандай. Отуз жылдан ашык убакыттан бери диктатуранын зордугунан, хандык башкаруудан арыла албасын толук түшүнүп турушат. Нурсултан Назарбаев убактылуу ээрден оогону менен Касым-Жомарт Токаев Россиянын күчү менен ээринде эрмешип калды. Элинин көпчүлүк катмары жек көрүп атса да, ЖККУнун аскерлерин Казакстанга киргизүү менен “куурчак президентке” айланды. Ооз жүзүндө эгемендиги болгону менен иш алкагында Россиянын колониясы сыяктуу күн көрүшөбү? Баары ачык эле байкалып турат эмеспи. Буктары жакшы чыкпай калган казактардын патриоттору, акыйкат үчүн жан сабагандар Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге суктанышып, социалдык тармактарга жазып атышканына күбөбүз. “Бизге да Садыр, Камчыдай адилеттүү башчылар керек. Кыргыздын лидерлери жарандарынын укуктарын коргошот. Калкы менен эсептешет…” дегендей ураалашты. Чындыгында эле ошондой. Бизде демократия, сөз эркиндиги бар. Ким каалаганын айтат, талап коёт, сындашат. Эркин коомго ээ экенибизди жашырбайбыз. Баардык тараптардын ой-пикирлери ачык айтылып турса, бийликтегилер да түздөнөт. Эч качан чыңалууга, ичтен бук толууга жеткизбеш керек. Андай болсо коомдун жарылуусуна кептелебиз. Соке, Атамбаев, Бакиев жана Акаевдин кемчиликтери кайталанбасын!

«Азия Ньюс» гезити

Аргумент.kg