Бизге 11-июлдагы шайлоо эмес, элибиздин саламаттыгы керек!

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Багы жокко дагы жок” дегендей, 11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаар кеңештерине шайлоо өтөт. Алдыртан эле бай партиялар тытынышып, мандат үчүн өлгөнү калгандай жанталашып баратышат. “Чуркагандыкы эмес, буюргандыкы”, бактыларынан көрүшөт эмеспи. Маселе башкада.

Учурда ковид кулачын жайып, апаат арааны ачылган кез. Күнүгө жугузгандар эки миңден ашууда, ал эми кыргызчасынан өз алдынча ооруп жүргөндөр он эсеге көп болушу мүмкүн. 11-июлга чейин коронавирус кырдаалды кыйла чыңалтып, өлүмдөрдүн санын арбытып, кыргыз кыйырына бүлүк салчудай…

Дал ушундай абал оорлошуп баратканда жергиликтүү кеңештерге карата шайлоону токтотуп, элдин саламаттыгын сактабайт белек? Бизге баарынан да калкыбыздын саламаттыгы, өмүрү кымбат экенин унуттукпу? Июль айында былтыркыдай көпчүлүк кырыла баштаса, бийликтин акыбалы кантет?

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg