Биз «стукач» эмеспиз. Мирлан Самыйкожо жыйынга кирүүдөн баш тартты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Депутат Мирлан Самыйкожо кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашуу карала турган жыйынга катышуудан баш тартты. Себеби андан жыйынга телефону жок кирүүнү талап кылышкан.

«Жыйын ачык болушу керек. Биз айрымдарга окшоп «стукач» эмеспиз. Президент кечээ ачык өтөт деп айтып жатат. Хандын сөзү айртка кайтарылбаш керек, уят болот андай. Кудай урбадыбы, бул деген эл шайлап келген депутат. Ушинтип жаап койобу, анда кирбей эле койсун депутаттар», — деди Самыйкожо.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы боюнча макулдашууну карап жатат.

Жыйынга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышууда. Парламенттеги жыйындын алдында ал журналисттерге комментарий берип, кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кол коюлган протоколдорду ачыктала турганын айтты.

Ошол эле учурда бул жыйынды видео, аудиого жаздырууга тыюу салынганын кошумчалады.

«Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча кол коюлган протоколдорду ачыктап, эки өлкөнүн ортосундагы келишимдин долбоорун даярдап комитеттен өткөргөнү жатабыз. Мунун баарын коомчулук менен кошо талкуулайлы деген оюбуз бар. Ошол кезде камера, телефондорду алып кирбестен, үндү жаздырбастан каалаган адам кирсе болот. Каалаган депутаттар, журналисттер, блогер, коомдук ишмерлер катыша алат. Азыр жазуу же тартуу иретинде таратпай туруу шарт болуп жатат, азырынча тыюу салынат», — деди Ташиев.

Кыргыз бийлиги кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери аяктап калганын жарыялаган. Апта башында негизи документтерде Анжиян суу сактагычы деп жүргөн, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нааразылыктар чыккан.

Аргумент.kg