Бишкектин четинде үй жарылып, жаш бала каза болду
11-бирдин айы, 2021-ж // // Айпери ОсмоналиеваБүгүн, 11-февралда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы ГЭС-2 айылынын Гагарин көчөсүндө жайгашкан үйдө жаратылыш газ түтүкчөсү жарылып, 13 жаштагы эркек бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, кырсыктан дагы бир эркек киши жабыркады.
Окуя болгон жерге Куткаруу кызматынан беш куткаруучу, шаардык Газ кызматынан бир бригада тартылган.
Куткаруучулар каза болгон өспүрүмдүн сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Ал эми жараат алган адам ооруканага жеткирилди, анын абалы канааттандырарлык экени кабарланды.