Бишкектин борборунда өзүнө өрт койгон жаран ооруканада каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкектин борборунда өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган жаран оорукадан бүгүн түнү каза болду. Бул тууралуу бейтапканадан билдиришти. Маалым болгондой, жабырлануучу баңгизаттын таасири астында болгон.

Эскерте кетсек, кече, 28-февралда саат 16:00 чамасында Киев жана  Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде 40-45 жаштардагы Руслан аттуу адам өзүнө бензин чачкан. Андан кийин ал кийимдерин өрттөп жиберген.

Жолдон өтүп бара жаткандар өрттү өчүрүүгө үлгүрүшкөн. Аталган адам «жашоодон тажадым, метадондон тажадым» деп кыйкырган. Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучу өз жанын кыюуга аракет кылган. Ал баңги затына көз каранды жана өзүн-өзү өрттөгөн учурда баңгизаттын таасири астында болушу мүмкүндүгү айтылды.

Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисовдун айтымында, жабырлануучунун денеси болжол менен 30 пайыз күйгөн.

Аргумент.kg