Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

4-апрелден тарта Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт.Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-апрелде саат 9:00дөн 20:00гө чейин бир канча көчөлөрдүн турак үйлөрүндө,ошондой эле мектептерде,бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Суу «Белинский» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Ошондой эле,Бишкек мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Суу өчүрүлө турган айрым көчөлөрдүн тизмеси,Фрунзе көчөсү, Манас проспектиси, Жибек Жолу проспектиси, Турусбеков көчөсү, Баялинов көчөсү, Абдрахманов көчөсү.

Булак Аргумент кж

 

 

 

 

Аргумент.kg