Бишкектен 30 чакырым алыстыкта атышуу болуп жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкектен 30 чакырым алыстыкта жайгашкан Дмитреевка айылынан атышуу болгон.Бул туурасында маалымат булактар билдирди.

Маалым болгондой, Дмитриевка айылында атышуу болуп, эркек кишилердин тобу медресе менен мектепти курчап алган.Алдын ала берилген кабарга караганда күч түзүмдөрүнүн куралчан кылмыштуу топту кармоо операциясы жүрүп жатат.

Аталган айыл эки тараптан курчоого алынганы кабарланды.

Соңку маалыматтарда тартип коргоо органдары менен кылмыштуу топтун мүчөлөрү атышып жатканы айтылды.

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Бөлүм кийинчерээк маалымат берүүнү убадалады.

Булак:Аргумент кж

 

 

Аргумент.kg