Бишкектеги түнкү клубдардын биринде модель Сусанна Егоряндын катышуусунда чыр чыкты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкектеги түнкү клубдардын биринде кыздардын эки тобунун ортосунда чыр чыгып, анда модель Сусанна Егорян да бар экени белгилүү болду. Кийинчерээк жаңжал мекеменин кире беришинде уланганы маалым.

Видео 11-марттан 12-мартка караган түнү Retro Metro түнкү клубунун кире беришинде тартылган. Видеонун автору, Зара аттуу кыз Сусанна Егорян алардын үстөлүнө келип, аны чаап, жаңжал чыгарганын айтууда.

Ошол эле учурда Сусанна Егоряндын досу жаңжалды экинчи тарап баштаганын айтууда.

Модельдин Instagram баракчасына чыгарган тарыкчаларына караганда, ал кечээ кечинде досунун туулган күнүн белгилеп жаткан клубда болгон. Ал чырдын чоо-жайын айткан жок, бирок ошол эле учурда Зараны бир нече жылдан бери биле турганын кошумчалады.

Аргумент.kg