Бишкекте “Тазалыктын” кызматкерин унаа сүзүп каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкекте “Тазалыктын” кызматкерин унаа сүзүп каза болгонун Милициянын Кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 4-декабрда саат 8:15тер чамасында болгон. Анда 41 жаштагы аял киши “Тойота пробокс” үлгүсүндөгү автоунаасы менен Шабдан баатыр көчөсүндө күн батышты көздөй бара жатып, 35 жаштагы жөө жүргүнчүнү сүзүп алган. Ал адам ошол жерде көз жумган. Каза болгон жөө жүргүнчү “Тазалык” ишканасынын кызматкери болгон. Учурда автоунаа айып короосуна токтотулуп, айдоочу Бишкек ШИИББинин тергөө кызматына жеткирилген.

Аргумент.kg