Бишкекте поезд коюп кеткен 18 жаштагы жигит каза болду

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкекте поезд коюп кеткен 18 жаштагы жигит ооруканада көз жумганын Свердлов районунун милициясы кабарлады.

Каргаша Бишкектин чыгыш бөлүгүндө болгон. Милициянын айтымында, жигит жакындап келе жаткан поезддин сигналын укпай койгон. Машинисттин болгон күчүн жумшап поездди токтотууга кылган аракети жардам берген эмес.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Аргумент.kg