Бишкекте өспүрүм апасын коргойм деп, мас кишиге бычак сайган

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

14-майда саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИБдин «102» кызматына Рыскулов көчөсүндө бычактан жаракат алган эркек кишинин жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Ленин РИИБдин кызматкерлери барышкан.

Алар ошол эле күнү саат 16:00 чамасында мас абалындагы эркек киши менен мейманкананын администратору уруша кеткендигин, администратордун уулу апасын коргоо максатында бычак алып чыкканы, жаран ага карай чуркап, бычак анын курсак тушуна сайылганы аныкталган. Ал хирургиялык борборго жеткирилип, операция жасалган.

Аталган факты каттоого алынып, кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектелип, 2005-жылы туулган өспүрүм кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен 1 ай камакта калтырылган. Тергөө уланууда.

Аргумент.kg