Бишкекте маршруттук каттамдар иш таштоого даярданышууда

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Бишкек шаарындагы маршруттук каттамдын айдоочулары кайрадан митингге чыгууга камданып жатышат. Бул тууралуу  24.kg агенттиге айдоочуларга таянып жазып чыкты.
Маалыматта, №212,260,137 мартшруттук каттамдын айдоочулары ишке чыгышпайт. Буга чейин шаар башчысы май ичинде жол кире акысын жогорулатууну убада кылган.
«Альянс БУС» ассоциациясынын өкүлү  Григорий Николаид азыртадан эле митингге чыгууда айдоочулар ичинде катуу талкуу жүрүп жатканын кабарлаган.
«Январь айында ошол кездеги Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев айдоочуларды чогултуп, май айында алардын көйгөйлөрүн чечип берүүнү убада кылган. Мурда дизелдик отун 36 сом болсо, азыр 45,5. Бардык айдоочуларга митингге чыкпоону жана штаттык режимде иштөөнү эскертип жатабыз. Учурда . БШКнин тарифтер боюнча маселелерди чечишин күтүүдөбүз. Тилекке каршы айдоочулардын арасында чагымчылдар да жок эмес. Алар иш таштоону тымызын уюштурушууда», — деди ал.
Булак:argument.kg

Аргумент.kg