Бишкекте маршруткалар качан автобуска алмашат?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Борбор шаарыбыз Бишкек калаасына ким жетекчи болуп келсе да коомдук транспорт маселесин көтөрүп, маршруттук кичи автобустарды кадимки автобус троллейбустарга алмаштыруу маселесин көтөрүшөт. Бирок азыркы күнгө чейин бул проблема чечилген жери жок жана качан чечилери да белгисиз.Чындыгында эле маршруттук кичи автобустар борбор үчүн далай көйгөйлөрдү жаратып келет. Кыскартып айтсак шаардын экологиясын бузат жана да жолдо жүрүү эрежелерин сактоо жаатында бир далай тартип бузуу коркунучун жаратат. Андан сырткары дагы бир маселени айта кетели. Жүргүнчүлөрдүн көпчүлүгү болбосо да бир далайы ден соолуктарында маселеси барлар алар кары картаң, пенсионерлер, оорукчандар, наристелүү аялдар. Маршруткалардын ичи буларды алып жүрүүгө ылайыкташылган эмес. Бирөө көргөн картинаны айтып кетели. Жашы жетимиштен өтүп калган буту оорукчан апа маршруткага эптеп киргенде алдыда отурган жаш жигит ыпылдап тура калып кел отуруңуз деп алды. Дал ошол мезгилде орто ылдамдыкта бара жаткан машинанын айдоочусу тормузду шак тээп калды эле буту оорукчан апа шалак этип чалкасынан кетти. Ортодо кыйкырык сүрөөн чыр чыкты. Чын эле маселеси барлар орун таап отурса да ыңгайлуулугу өтө начар. Маселен баласы бар келиндер жыгылбаш үчүн кармап отурчу кармагычтан дайын жок. Акчаны карап жүргүнчүнүн баарын сала берип эртели кеч машинанын ичи жүргүнчүгө тыгылып калат. Ушуларды караганда автобус троллейбустардын ичи кары картаң майыптар үчүн бир топ эле ыңгайлуу бирок алар өтө эле аз. Биздин улутташтарыбыз эмгек мигранты болуп көп барган Россия менен Казакстандын орто ири шаарларында бул маселе эчак чечилген. Аларда автобус троллейбустар көп жүрөт. Биздин Бишкекте деле бул маселени чечсе болот да. Качан борборубузга убада сөзүн ишке айланта алган жетекчи келээр экен?

Булак:argument.kg

Аргумент.kg