Бишкекте эки жашар кыз 8-кабаттан кулап кетип каза болду

Бишкекте эки жашар кыз 8-кабаттан кулап кетип каза болду

24-чын куран, 2020-ж // //

Бишкек шаарынын Исанов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 8-кабатынан эки жашар кыз кулап кетип каза болду. Бул тууралуу Бишкек комендатурасы билдирет.
 
Кырсык тууралуу маалымат 23-апрель саат 18:30 чамасында түшкөн.
 
Окуя болгон жерге “Тез жардам” кызматы барганда жаш бала алган жараатынан улам чарчап калган.
 
Бул факты Кылмыштар менен жооруктардын бирдиктүү реестрине алынган.