Бишкекте белгисиз адамдар ымыркайды батирдин алдына таштап кетишти. Бул тууралуу кечээ, 6-март күнү, маалымат каражаттарында видео тараган.
Маалыматка караганда, ымыркайдын жанында «Мен бага албайм. 2022-жылдын 1-мартында туулган» деп жазылган кат табылган.
Ал эми, «Тез жардам» кызматынын кызматкерлери ымыркайды текшерип, Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна алып барышканы маалым.