Бишкекте банкоматтын жанынан кызды белгисиз киши сабап кеткен

Бишкекте банкоматтын жанынан кызды белгисиз киши сабап кеткен

30-бугу, 2022-ж // // Айпери Осмоналиева

Картасынан акча алайын деп келген кызды белгисиз жигит сабап кеткен. Бул тууралуу жабыркаган кыз социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган.

shine29_12 баракчасынын колдонуучусунун айтымында ал курбулары менен бирге бир кафеге барышкан. Кыздын накталай акчасы жок болуп картасынан акча алганы жакын жердеги

банкоматка барган. Ошол жерге бейтааныш жигит келип кыз менен таанышууну каалаган. Кыз таанышпайм деп кетип калганда артынан барып бир муштаган. Андан соң “болгон акчаңды бер”- деп, анда да кыз жок дегенде дагы бир уруп салган. Кыз бактыга жараша акча ала албай калганын белгилейт.

 

Кыз келген таксиси менен кетип кутулган. Кыздын айтымында ал ошол жерге жакын жашаган адам болушу мүмкүн. Анткени бутуна утурумдук кийген бут кийим (топочка) жана футболка, шорта кийип жүргөн.

Кыз милицияга кайрылган. Бул иш аягына чыгат деп үмүттөнөт.