Бишкекте аял жолдошун кызына сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыптады

Бишкекте аял жолдошун кызына сексуалдык ыдык көрсөткөн деп айыптады

28-бирдин айы, 2023-ж // Коом // Айпери Осмоналиева

16-январда Сокулук РИИБге аял кайрылып, анын жарандык күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Аялдын айтымында, анын жолдошу 2014-жылы туулган кызына сексуалдык ыдык көрсөткөн. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ленин РИИБден билдиришти.

Аталган факты Свердлов РИИБге катталып, тергөө иштери жүргүзүлө баштаган. Окуя боюнча экспертизалар дайындалган. Анын жыйынтыгы менен чечим чыгарылат.