Бишкекте активисттер жекшембидеги салттуу жүрүшкө чыгышты

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

7-февралда Бишкекте кезектеги «Мыйзамдуулук үчүн!» тынчтык жүрүшү өттү. Уюштуруучулар акцияга кырктай адам катышканын кабарлашты.
Алар адаттагыдай эле Темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына келишти жана талаптарын айтып тарап кетишти.
Акцияда Кыргызстанда коррупцияны жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу чакырыктары айтылды. Катышуучулар колдоруна Конституциянын сүрөтүн, мыйзамдуулукка чакырган жазуулары бар плакаттары көтөрүп алышты. Президенттик аппарат же өкмөт тараптан акциядагы талаптарга комментарий боло элек.
«Баштан башта» кыймылы демилге кылган «Мыйзамдуулук үчүн!» тынчтык жүрүштөрү 2020-жылдын ноябрынан бери ар жекшембиде уюштурулуп келе жатат. Ага негизинен жарандык активисттер, кээде парламенттеги айрым саясатчылар катышат.

Аргумент.kg