Бишкекте 83 жаштагы жергиликтүү тургун токмок жеп каза болгонун 25-октябрда Патрулдук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-октябрь күнү кечки тогуздарда укук коргоо органдарына Абдыкадыров көчөсүндөгү үйдүн жанынан аял сабалганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге шаардык милициянын кайгуул-күзөт кызматынын инспекторлору келишкен. 83 жаштагы жабырлануучу эс-учун жоготуп, дарыгерлер аны ооруканага алып барышкан, бирок ал жолдо каза болгон.
Алдын ала маалыматтарга караганда, маркум батирин ижарага алган 2000-жылы туулган И.Н. аттуу жаран менен уруша кетип, жигит аны сабап салган. Шектүү Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.